“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Сүрөтбаян: Базар-Коргондо медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы өттү

7 Июль 2019 жыл 6:55
Көрүүлөрдүн саны: 124

Базар-Коргон районунда июлдун биринчи жумасында ак халатчан өмүр сакчыларынын майрамы белгиленди.

Салтанатка Базар-Коргон районунун акими Айбек Бегимкулов, акимдин орун басары Замира Адышова, райондук аксакалдар кеңешинин төрагасы А.Тойчиев, Базар-Коргон райондук сотунун судьясы Өмүрбек Абдразаков жана ар бир айыл аймактардын башчылары, Базар-Коргон району боюнча ооруканалардын башчылары, дарыгерлери жана медайымдары катышышты.

Ак халатчандар майрамында үзүрлүү эмгектенген дарыгерлерге сыйлыктар тапшырылды.

Ошондой эле дарыгерлер «Эл дарыгери», Мыкты кызматкер» деген наамдар жана төш белгилер менен сыйланышты.

«Урматтуу Дарыгерлер сиздер убакытка жана аба-ырайынын ар кандай шарттарына карабастан муктаж адамдарга сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө дайым даяр турасыздар. Сиздердин кесиптик билимиңиздер жана боорукер жүрөгүңуздөр күн сайын адамдарга экинчи өмүр берип келет. Бүгүнкү күндө медицина кызматкерлеринин алдында чоң милдет турат. Ал калкка сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү жана камсыз кылуу. Ушул майрам күнү адам өмүрүн сактап калуудагы татаал эмгегиңиздер, күзөт учурундагы уйкусуз түндөр, райондун жараандарынын ден соолугун жакшыртуу үчүн кылган эмгегиңиздерге терең ыраазычылык билдиребиз. Сиздерге жана жакындарыңыздарга бекем ден соолук, бакубат турмуш, адамдык бакытты жана баардык башталыштардагы ийгиликтерди каалап кетебиз.»-деп куттуктады аким Айбек Бегимкулов.

Базар-Коргон районунун акиминин орун басары Замира Адышова төмөндөгүлөргө токтолду:

Бүгүн медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамын белгиленди. Районубуздун баардык медицина кызматкерлери келишип, өздөрүнүн татыктуу сыйлыктарын алышты.  Ак халатчан  дарыгерлерге чың ден соолук, иштерине ийгилик, дайыма элдин дарыгери болуп жүрө беришсин демекмин.

Могол айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасынын орун басары Юлдашев Рустам дарыгерлерге өз каалоосун айтып, Могол айыл аймагындагы депутат, медайым Кадича Жумабаевага грамота тапшырды.

«Мен көп жылдар бою, тагыраак айтканда 45 жылдан бери тынбай иштеген эмгектеримди баалап бүгүн «Кыргыз Республикасынын ардактуу кызматкери» төш белгиси менен сыйлашты, администрацияга, башчыларыбызга чоң рахмат айтам. Мындан кийин да талбай эл кызматында боломун»-деди Базар-Коргон аймактык ооруканасына караштуу Өзбек Каба  айылындагы төрөт үйүнүн дарыгери Айчүрөк Токтомамбетова.

Базар-Коргон районунун сотунун судьясы Өмүрбек Абдразаков да дарыгерлерге ыраазычылык билдирип, өз каалоосун айтты.

«Урматтуу жан сакчылары! Силерди майрамыңар менен куттуктаймын. Дайыма ак халатыңардай аппак дилинер менен эл керегине жарап жүрө бериңиздер. Ишиңерге ийгилик»-деди райондук аксакалдар кеңешинин төрагасы А. Тойчиев

«Бүгүн биздин медицина кызматкерлеринин майрамы болуп жатат. Мен баардык медицина кызматкерлерин, ошондой эле өзүмдүн иштеп жаткан ооруканамдагы мед.кызматкерлерин куттуктаймын, Түйшүктүү, оор кызматтыбызда дайыма ийгиликтер болсун. Майрамыныздар менен!»-деп куттуктады медайым Нурмира Романова.

Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ