Базар-Коргон районуна караштуу Кызыл-Үнкүр айыл аймагындагы Кең-Кол жайлоосунда «Жайлоо балдарын өнүктүрүү» борбору иштеп жатат.
Борбор Роза Отунбаеванын фондусу тарабынан уюштурулуп, каржыланат.
Базар-Коргон районундагы Жайлоо балдарынын өнүктүрүү борборунун координатору Нургүл Нуралиева бир нече мастер класстарды балдарга өтүп берет. Жайлоо балдарын өнүктүрүү борборунун тарбиячыларынын сабак өтүү мезгилин төмөндөгү видеодон көрсөңүздөр болот:
Борбордун ишмердүүлүгүн төмөндөгү видеодон көрө аласыздар:
Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ