“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Ооган-Талаа айылындагы «Таза коом» программасынын ишмердүүлүгү

28 Июнь 2019 жыл 10:12
Көрүүлөрдүн саны: 84

28-июнь күнү Демократия сааты уктуруусунда Ооган-Талаа айылындагы «Таза коом» программасынын ишмердүүлүгү деген темада түз эфирде уктуруу өттү.

Бүгүнкү коноктор Могол айыл аймагынын жоопту катчысы Бактыгүл Алыбаева, «Таза коом» программасынын Ооган-Талаа айылындагы кызматкери Артур Алыкулов, Могол айыл аймагынын төрөт бөлүмүнүн башчысы врач Бактыкан Абдирешова, №17 С.Далбаев атындагы гимназия мектебинин соц.педагогу Зарина Самидиновалар болду.

Түз эфирде Фарида Кадырова даярдаган баяндамада Сулайманова Захра аттуу кыз 11 жашта. Анын азыркы мезгилде да туулгандыгы тууралу күбөлүгү жок. Ушул баяндаманын негизинде коноктор менен талкуу жүрдү.

Таза коом программасынын Ооган-Талаа айылындагы кызматкери Артур Алыкуловго туулгандыгы жөнүндө күбөлүктөр, паспорт алуу, паспорттун мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу кантип алуу, паспорт алууга үйдүн кызыл китеби жок болсо эмне кылуу керек деген суроолорду угармандар түз эфирде вотсап, фейсбук баракчаларынан, телефон аркылуу түз байланышта беришти.

Могол айыл аймагынын төрөт бөлүмүнүн башчысы, врач Бактыкан Абдирешова төмөндөгүлөргө кайрылды:

Бизде негизинен эч жерде каттоодо жок. Эч бир документи жок аял төрөсө, ага биз ушул ооруканада төрөгөндүгү анык деген тактама беребиз. Ал тактаманын негизинде туулгандыгы жөнүндө күбөлүк алса болот. Кээде биз берген тактаманы жоготуп алып, ала албай жүргөн жараандарыбыз да бар. Ошондуктан ушундай көйгөйлөр келип чыгып жатат.

«Бүгүнкү талкуу аябай актуалдуу темалардан болду. Эл арасында таза коом программасынын ишмердүүлүгү боюнча түшүнүк берилип кетти. Жараандарды кызыктырган суроолорго жооп берилди. Негизи ар бир адам өзүн тастыктаган документи болсо, эч кандай кыйынчылыктар болбойт. Эгерде адамдын өзүн тасыктоочу документи болбосо, албетте анын балдарына да документ жасоо кыйындыкка турат. Бала төрөлгөндөн баштап, анын документтерин жасатып берүү ата-эненин милдети.» — деп билдирди Могол айыл аймагынын жооптуу катчысы Бактыгүл Алыбаева.

«Мен даярдаган баяндамада Сулайманова Захранын тагдыры, анын туулгандыгы тууралу күбөлүгүнүн жоктугу мени бул баяндаманы жасаганга түрткү болду. Бул кыз 4-класста окуп калды. Эртен эле ал окуууну бүткөндүгү жөнүндө документ алыш керек. Чоң ата, чоң энеси кайсыл жакка барып кайрылаарын билишпейт. Бүгүнкү эфирде мен суроолорума толук жооп ала алдым. Айыл өкмөтү менен соц.педогог Захрага жардам берип, туулгандыгы тууралу күбөлүк алат деп ишенемин.»-деп билдирди Ооган-Талаа жамаатык мультимедия борборунун кабарчысы Фарида Кадырова.

Эскерте кетсек, бул уктуруу Кыргызстандагы Фридрих Эберт атындагы Фонд тарабынан колдоого алынып, каржыланууда.

Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ