“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Мигрант ата-энелердин балдарынын укуктары

25 Июнь 2019 жыл 17:44
Көрүүлөрдүн саны: 52

Жала-Абад облусундагы Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылындагы жамааттык мультимедия борборунда түз эфирде «Демократия сааты» долборунун алкагында уюштурулуп жаткан «Мигрант ата-энелердин балдарынын укуктары» деген темада талкуу уюштурулду. 

Эфирдин коноктору Могол айыл аймагынын жооптуу катчысы Бактыгүл Алыбаева, соц.кызматкери Айгүл Пазылова, №17 Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинин окуу бөлүм башчысы Маратбек Токтобаев, соц.педагогу Зарина Самидиновалар менен мигрант ата-энелердин балдарынын укуктары жөнүндө сөз болду.

Атайын темага карата баяндама жасалып, ал баяндамада ата-энеси Россияга кетип, эжесинин колунда тарбияланган бала жөнүндө болду. Андан соң эл арасынан Миграция балага таасирин тийгизеби? деген  сурамжылоо уктурулду. Келген конокторго суроолор берилди. Түз эфир мезгилинде телефон чалуулар аркылуу суроолор берилди. Фейсбук баракчасы аркылуу түз эфирде берилген суроолорго да жооп болду.

«Мага түз эфир аябай жакты. Жакшы тема козголуптур. Азыркы кезде миграция өзгөчө балдардын тарбиясына таасирин тийгизип жатат. Зордук-зомбулукка кабылган балдарды угуп жатабыз. Ошондуктан ата-энелер баланы таштоодон мурда акча эмес, баланы биринчи кезекке койсо демекмин»-деди Могол айыл аймагынын жооптуу катчысы Бактыгүл Алыбаева.

«Бүгүнкү түз эфир аябай кызыктуу болду. Эң актуалдуу болгон «Мигрант ата-энелердин балдарынын укуктары» боюнча көп көйгөйлөр чыгып жатат. Биз да өз кезегинде миграцияда жүргөн ата-энелердин балдарынан тез-тез кабар алып турабыз. Алардын жашоо шарты менен таанышып, мектепте алардын жүрүм турумуна байкоо жүргүзөбүз»-деди соц.педагог Зарина Самидинова.

Окуу бөлүм башчысы Марат Токтобаев төмөндөгүлөргө токтолду:

«Азыркы мезгилде миграция көп болуп жатат. Ата-энеси Россияда жүргөн балдардын окууда да өзгөчөлөнгөнү байкалат. Тайэне, чоң атанын колунда калган балдар сабакка көңүл бөлбөй жатканын билебиз. Негизинен ата-эне өзү тарбияласа баланы, анткени балага көзөмөл керек.»

«Түз эфир Ооган-Талаа айылында биринчи жолу уюштурулууда. Радио уктуруулар аркылуу айылдагы орчундуу темалар талкууланып турат. Талкуулар радио аркылуу элге жетип жатат. Келген конокторубузга ыраазычылык билдирем.»-деди  эфирдин алып баруучусу Гүлназ Камбарали кызы.

Даярдаган: Мелисбек уулу Тимур