“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Базар-Коргон районунда 1-июнь Балдарды коргоо күнү өткөрүлдү

2 Июнь 2019 жыл 22:45
Көрүүлөрдүн саны: 41

Базар-Коргон районуна караштуу Кеңеш айыл аймагындагы маданият үйүндө 1-июнь Балдарды коргоо күнү өткөрүлдү.

Балдарды коргоо күнүнө Базар-Коргон районунун администрациясынын башчысы Айбек Бегимкулов, акимдин орун басары Замира Адышова, Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынычбек Усенов, Базар-Коргон айыл аймагынын башчысы Рахман Омурзаков, соц өнүгүү башкармалыгынын башчысы Кубат Раимкуловдор катышышты.

» Бүгүн биз эң бир шаңдуу, өзгөчө Балдарды коргоо күнүнө карата уюштурулган майрамда турабыз. Балдар биздин келечегибиз, ошондуктан алардын бактылуу балалыгы тынч, бактылуу өтүшү зарыл. Бул үчүн бардык шарттар түзүлүш керек. Ар бир наристе ата-энесинин колунда бейпил, бактылуу болуусун каалар элем. Келечекте балдарыбыздан Кыргызстанга кереги жараган, туусун дүйнөгө желбиреткен эр азаматтар чыгат деп ишенемин. Майрамынар менен бөбөктөр»-деди аким Айбек Бегимкулов.

Базар-Коргон районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынычбек Усенов төмөндөгүлөргө токтолду:

1-июнь балдарды коргоо күнүн белгилеп жатып, бүгүнкү балдардын күлкүсү, алардын кубанычы мени аябай толкундатты. Алар ырдап, бийлеп, сүрөт тартып жатышат. Эч качан балдардын кайгы-муңу болбосун, ыйы угулбасын. Бүгүнкүдөй шаңдуу, кубанычтуу күндөрү көп болсун.Илимдүү,билимдүү уул-кыздар көп болуп, мамлекетибизге кереги тийсин.

Иш чарада демөөрчү Финка банкы тарабынан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга оюнчуктар берилди.

Ал эми Кара-Кол шаарынын жеке ишкери «Нурай» тигүү цехинин башчысы Нурмамбет Байбаев тарабынан да балдарга сумка белеке берилди.

Базар-Коргон аймагыны башчысы Рахман Омурзаков да өз каалоосун айтып, балдарды майрамы менен куттуктады.

Майрамда райондун администрациясы тарабынан  белектер, жүздөн ашык балага бекер балмуздактар таркатылды.

Иш чарага «Келечек нугу» ишканасынын башчысы Абдукаримов Заирдин катышып, атайын жаштар, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн UNICEFменен биргеликте  «Келечек нугу» ишканасы ачылганын, анда логопед, англис тилин үйрөтүүчү мугалимдер иштегенин айтып,сабактарга катышыңыздар деп чакырып кетти.

Балдар үчүн атайын даярдалган концерттик программа көрсөтүлүп, шаңдуу майрам болду.

«Бүгүнкү майрам аябай шаңдуу болду. Балдардын көзүнөн кубаныч көрүнүп турду. Бала бактылуу болсо баары бактылуу болот. Ошондуктан балдарды дайыма коргоп, алар үчүн баардык мүмкүнчүлүктөрдүү түзүү биздин милдетибиз.»- деди акимдин орун басары Замира Адышова.

«Майрам өтө жогору деңгээлде өттү. Наристелер алган белектерине бактылуу, сүйүнүчтүү. Концерттик программа балдардын көңүлүн көтөрүп, майрамга көрк кошту.»- деди Райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкери Сабира Мурзаева.

«Менин бактылуу балалыгым»аттуу темада балдар асфальтка сүрөт тартуу сынагына катышып,байгелүү орундарды алышты.

Майрамдын аягында райондук администрациясы тарабынан даярдалган сый тамак берилип, балдар кубанычтуу үйлөрүнө таркашты.

Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ