Жалал-Абад областындагы Базар-Коргон районундагы №34 Чолпон балдар бакчасында жогорку тайпанын даярдоо классы бала бакча менен коштошушту.
Жогорку тайпанын тарбиялануучулары атайын даярдалган концерттик программаны ата-энелерге көрсөтүштү.
«Бүгүн балдарыбыздын бала бакча менен коштошуу, мектепке узатуу аземинде турабыз. Балдарыбыздын ырдап, бийлегенин көрүп, аябай кубандык. Биз ата-энелер балдар бакчанын тарбиячыларына терең урматтоо менен ыраазычылыгыбызды билдиребиз»-деди ата-энелер комитетинин төрайымы Гулмира Дооронкулова.
Эми мотурайган бөбөктөр бала бакча менен коштошуп, мектепке даярдыктарын көрүшөт.
Даярдаган: Камбарали кызы Гулназ