“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Сүрөтбаян: Аскерге чейинки даярдыктан өтүштү

29 Май 2019 жыл 12:04
Көрүүлөрдүн саны: 46

Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылындагы №17 Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинин 10-11-классынын окуучулары аскерге чейинки даярдыктан өтүштү.

Бул машыгууну АЧД сабагынын мугалими Шакиров Асан алып барды.

Машыгуу боюнча кызыктуу сүрөттөрдү төмөндөн көрө аласыздар:

Асан Шакиров окуучуларга үйрөтүп жаткан мезгилинде
ок атууну үйрөнүп жаткан мезгилде

Катарга туруп, басуу учурунда

Алыстыкка чуркоо

Турникке тартынуу

Алыстыкка граната атуу

Машыгуунун соңунда окуучулар аскердик даярдоо боюнча алган билимдерин толук жыйынтыктаганын билдиришти. Машыгуу кызыктуу жана таасирдүү болду.

Даярдаган: Тимурлан Мелисбек уулу