“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Ооган-Талаа айылында селге каршы арыктар коюлду

29 Май 2019 жыл 10:57
Көрүүлөрдүн саны: 85

Ооган-Талаа айылында жаз мезгилинде дайыма сел жүрүп, элдер кыйналып келишет. Ошол талаалардан түшкөн сууларды бир нукка түшүрүү үчүн атайын суу кетүүчү арыктар, латок коюлду.

Мамлекет тарабынан өткөрүлгөн долбоор жалпысы 1 милион 700 миң, анын ичинде  Өкмөттүн өздүк салымы 270 миң сом төлөнгөн.
Бул жумушту «Осоо Кут» курулуш компаниясы аткарган.
«Максатыбыз айылды селден сактап калыш үчүн сел арык (латок) 360 метрден ашык жерге куруу болгон. Азыркы күндө жумуш аткарылып бүттү.»- деп билдирди Ооган-Талаа айылынын айыл башчысы Муктарбек Дөлдөев.
«Мындан сырткары ошол жаңы конуштагы көчөлөргө 1 мин 600 метр жолго шагал төшөлүүдө.»-деди Дөлдөев.

Ар бир көчөгө көпүрөлөр да кошо бүтүүдө.

Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ