“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Ооган-Талаа айылына мобилдүү клиника келди

21 Май 2019 жыл 17:11
Көрүүлөрдүн саны: 81

Базар-Коргон районундагы Ооган-Талаа айылына Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясы биргеликте калктын ден- соолугун диагностикалоо, текшерүү максатында жүргөн көчмө клиника келди.Дарыгерлер Жалал-Абад областындагы областык ооруканадан келип, элдерди текшерүүдөн өткөрүп жатышат.

Кыргызстан боюнча мындай мобилдик клиника төртөө. Ошто, Жалал-Абадда, Чүйдө жана Нарында бар экенин билдиришти мобилдик клиниканын дарыгерлери.

Ооган-Талаа айылынын эли эртемененден кезеке туруп дарыгерлерден текшерүүдөн өтүп жатышат.

«Бул Мобилдик клиниканын келгени аябай жакшы болду. Биз кезек күтүп олтурабыз. Буйруса дарыгерлерге текшерилип, дартыбызга дабаа таап кетебиз. Келген дарыгерлерге рахмат»-деп билдирди Ооган-Талаа айылынын тургуну Гулзина Мамаева.

«Бул клиниканы укканда эле келдим. Ден соолук болсо анан баары болот да ошондуктан биринчи ден соолукту карашыбыз керек. Мобилдик клиника элге чоң пайдасын тийгизет. Мындан сырткары көрүнүү бекер. Үйүндө алыс чыга албаган каары-картандарга да жакшы болду. Келип көрүнүп жатышат.»-деди Элмира Кулумбетова. Мобилдик клиника Ооган-Талаа айылында 3 күн туруп андан кийинки айылга барышаарын айтышты.

Даярдаган: Камбарали кызы Гулназ