“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Сүрөтбаян: Бишкек-Ош жолундагы таштандылар тазаланды

18 Май 2019 жыл 15:11
Көрүүлөрдүн саны: 69

Базар-Коргон районундагы Компаньон банкында иштеген кызматкерлер тарабынан  Бишкек-Ош унаа жолунун жээктери таштандылардан тазаланып, ишембилик өткөрүлдү.

«2019-жылдын 18-май күнү Базар-Коргон районунун аймагында айлана-чөйрөлөр иретке келтирилип, көчөлөрдү тазалоо жумуштары жүргүзүлдү.
Бишкек-Ош унаа жолунун жээктери Базар-Коргон районундагы Компаньон банкында иштеген кызматкерлер таштандыларды тазалап, ишембилик өткөрүштү.
Ошондой эле, 2019-жылдын май айынын аягына чейин райондун аймагында тазалоо иштери дагы улантылат.»- деп билдирди Базар-Коргон райондук администрациясынын социалдык секторунун адиси Айбек кызы Айжамал.

«Биз бүгүн «Кормпаньон» банкынын кызматкерлери Базар-Коргон районундагы Бишкек-Ош унаа жолундагы Базар-Коргон айылынан, Бешик-Жон айылына чейин тазалоо тапшырмасы берилди. Бул аралыкта аябай таштандылар көп ташталган жер экен. Баарын тазалап, ишембилик өткөрдүк. Негизинен мен элге кайрылгым келет тазалыкты дайыма кайсыл жерде болбойлу сакташыбыз керек. Унаада баратып ыргытылган таштандыга толгон жол жээгин тазалап жатып тазалыкты сактабагандарга нааразы болдум.»- деди аталган банктын Ооган-Талаа айылындагы бөлүмүнүн кызматкери Асипа Молдошова.

Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ