“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Акман айыл аймагында спорттук мелдеш болуп өттү.

18 Май 2019 жыл 9:17
Көрүүлөрдүн саны: 502

Жалал-Абад областындагы Базар-Коргон районуна караштуу Акман айыл аймагында жайгашкан мектептер арасында 2019-жыл «Кыргыз Республикасынын аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, укукчу журналист Нышанбек Кочкоровдун демилгеси менен уюштурулган спорттун чуркоо жана Волейбол түрлөрү боюнча оюн болду.

Спорттук оюндун негизги максаты: Жаштар арасында достукту жана өз ара түшүнүктүүлүктү чыңдоо, жаш муундарды спорт аркылуу мекенчилдикке жана чыдамкайлыкка тарбиялоо, жаштарды дене тарбия, спорт менен тынымсыз машыктырууга тартуу болду.

Мелдеш Акман айыл аймагындагы №6 Б.Осмонов мектебинде өттү. Мелдешке Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, укукчу журналист Нышанбек Кочкоров, Базар-Коргон районунун акими Айбек Бегимкулов, Райондук Билим Берүү бөлүмүнүн башчысы Тынычбек Усеновдор катышышты.

3.5 км алыстыка чуркоо боюнча №5 Токтогул мектебинен №6 Б.Осмонов мектебине чейин марафон болду. Акман аймагында жайгашкан беш мектептин окуучулары катышты. Ошол эле беш мектептин мугалимдеринен түзүлгөн аялдар жана эркектер арасында волейбол оюну өттү.

Аталган оюндарга Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, укукчу журналист Нышанбек Кочкоровдун демилгеси менен  биринчи орунга беш миң сом, экинчи орунга үч миң сом, үчүнчү орунга миң сом акчалай сыйлыктар, кубок, медаль, грамоталар коюлду.

3.5 км чуркоо боюнча биринчи орунду №5 Токтогул атындагы гимназия мектебинин окуучусу Тимур уулу Элнур, экинчи орунду №6 Бекмамат Осмонов атындагы гимназия мектебинин окуучусу Кочкоров Нургазы, үчүнчү орунду ошол эле мектептин окуучусу Абдуллаев Уларбек, төртүнчү орунда № 35 Тешебай Исак атындагы орто мектебинин окуучусу Мырзаканов Асан, бешинчи орунду Жеңишбек уулу Дастан алышты.

Ал эми мугалимдер арасында өткөн волейбол оюну боюнча эркектер арасында биринчи орунду №5 Токтогул атындагы гимназия мектеби, экинчи орунду №35  Тешебай уулу Исак атындагы орто мектеби, үчүнчү орунду №6 Б.Осмонов атындагы гимназия мектебинин мугалимдер жамааты алышты.

Аялдар арасында өткөрүлгөн волейбол боюнча мелдеште биринчи орунда №6 Б.Осмонов атындагы гимназия мектеби, экинчи орунду №35  Тешебай уулу Исак атындагы орто мектеби, үчүнчү орунду №5 Токтогул атындагы гимназия мектеби, төртүнчү орунду №51 Осо Палванов атындагы орто мектебинин мугалимдери алды.

1998-жылдан бери Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, укукчу журналист Нышанбек Кочкоров өзү төрөлүп өскөн Акман айылындагы №6 Б.Осмонов атындагы гимназия мектебинин эң мыкты окуган окуучуларына  стипендияларды берип келет. Ар жылы кызыктуу сынактарды уюштуруп, окуучуларга дем берет. Атап айтканда былтыркы жылы окуучулар үчүн дилбаяндар сынагын жарыялап, жазылган дилбаяндарды өзү текшерип, эң мыкты дилбаян жазгандарына акчалай байгелерди берген. Уюлдук телефондорду, кымбат баалуу белектерди берип, окуучуларды колдоп келе жатат.

«Мындан 22 жыл мурда Бекмамат Осмонов дүйнөдөн кайткан, андан бир жылдан кийин ушул мектепке Бекмамат Осмоновдун өзүн, бул жашоодогу көз караштарын сыйлап, мына ошол кишинин урматы үчүн стипендия берип келе жатам. Ал эми быйыл спорттук иш чарага бурдук.»-деди Кочкоров.

Эң негизгиси мелдешке келген мектептердин жетекчилерине Нышанбек Кочкоров тарабынан Бекен Назаралиевдин «Кун»повестин, «Баткен туткуну», «Тарыхтагы ак тактар» Акман айылы жөнүндө жазылган китептерин белеке берди.

«Мектептин китепканаларында туруп, китеп фондунда сакталып, ар бир мугалим, окуучу окуп, элибиздин тарыхын, басып өткөн жолун билишсин»- деди Кочкоров.

«Аганы көрүп ини өсөт» дегендей Нышанбек Кочкоровдун иниси, КТРКнын башкы продюсери Болотбек Тиллебаев төмөндөгулөргө токтолду: Буйруса мугалимдер жамаатына жана окуучуларга эстафетаны улантып, спорттун башка түрлөрү шахмат, футбол боюнча октябрь айында чоң иш чараны уюштуруп берем деп сөз берем. 20 жылдан берки агам Нышанбектин демилгесин улантамын.»

Базар-Коргон районунун акими Айбек Бегимкулов: — «Бүгүнкү уюштурулуп жаткан иш чара 2019-жыл «Кыргыз Республикасынын аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, укукчу журналист Нышанбек Кочкоровдун демилгеси менен уюштурулган спорттун чуркоо жана Волейбол түрлөрү боюнча оюн болду. Мелдеш кызыктуу өттү. Негизи Нышанбек Кочкоров 1998-жылы биринчи жолу окуучуларга стипендия берип баштаганын биз билебиз. Ошол убакыттан тартып азыркы күнгө чейин демилгесин токтотпостон улантып жатканы эң жакшы. Бир эле окуучуларга эле эмес мектептин өнүгүүсүнө да салымын кошуп жатат. Мына ушундай эл керегине жараган Нышанбек Кочкоровдой инсандар көп болсо, окуучуларга, мугалимдерге дем, күч берип, албетте алардын иштерине, окууларына чоң ийгилик алып келет деп ишенемин.»

«Бул мелдеш өз максатына жетти. Окуу жылы аяктап, чарчап турган окуучуларга, мугалимдерге дем берген жакшы бир саамалыктар болду. Мындай оюндар көбүрөк уштурулуп турса ар бир окуучунун эсинде калат экен. Акчалай белектер эмес, атайын аты жазылып келген кубок, медалдар болду. Нышанбек Кочкоров уюштурган 3.5 км чуркоо боюнча мелдешинин жеңүүчүсү деген жазуусу бар медалдарды, грамоталарды алуу окуучулар, мугалимдер үчүн чоң сыймык болду. Мына ушундай спорттук мелдештер район боюнча көп уюштурулуп турса жакшы болмок, «Спорт-бул ден соолуктун булагы» дегендей жаштарыбыз дайыма спорт менен алек болуп турса, келечек жаштарыбыздын, кийинки муундарыбыздын колунда дейбиз, бизди дүйнөгө кимдер таанытат? Албетте келечектеги спортчуларыбыз таанытат. Буйруса бүгүнкү жеңүүчүлөрүбүз, эртен Кыргызстандын желегин желбиретип, дүйнөгө тааныткан спортчулар чыгаарына терең ишенемин.»-деди Райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкери Касымбек Дарманкулов.

Мелдеш эң жогорку деңгээлде өткөндүгүн Нышанбек Кочкоровго терең ыраазычылыктарын билдиргенин айтып кетишти Акман айыл аймагынын жашоочулары.

Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ