“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Базар-Коргон районундагы билим берүү мекемелеринде «Сабаттуу бол!» акциясы өттү

15 Май 2019 жыл 14:30
Көрүүлөрдүн саны: 96

Базар-Коргон районундагы билим берүү мекемелеринде «Сабаттуу бол!» акциясы болуп өттү.


Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тилинин 30 жылдыгына карата атайын 2019-жылдын 15-майында саат 11де Респубулика боюнча «Сабаттуу бол!» акциясы өткөрүлдү.

Бул акцияга билим берүү бөлүмү да аябай активдүү катышты. Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынычбек Усенов баш болгон билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, билим берүү мекемелеринин жана бала бакчаларынын кызматкерлери жат жазуу жазышты.

Базар-Коргон районунун окуу усулдук кабинетинин башчысы Маматова Жаркын төмөндөгүлөргө токтолду:

«Бул «Сабаттуу бол!»акциясы Республикалык деңгээлде 2019-жылдын 15-майында Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, билим берүү мекемелери жана бала бакчаларыдын кызматкерлери жалпы катышышты. «Сабатттуу бол!»акциясы мамлекеттик тилди көтөрүүгө салым кошо турган чоң иш чаралардын бири болуп эсептелинет жана мамлекеттик тилдин жогорку деңгээлде өнүгүшүнө жардам бере алат деп ойлоймун.»

Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ