“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

«Өспүрүмдөр арасында зордук-зомбулук, суицид, диний экстремизм боюнча түшүндүрүү иштери жыйынтыкталды.

15 Май 2019 жыл 8:56
Көрүүлөрдүн саны: 153

Базар-Коргон районундагы №34 Ю.Исламов, №19 Арсланбоб №33 Ж. Турусбеков №46 Кыргоо орто мектептеринде диний экстремизм, суицид, өспүрүмдөр арасында зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча иш пландын жыйынтыктоочу жыйыны болуп өттү.

2019-жылдын 22-апрелинен баштап Базар-Коргон районунун айыл аймактарында «Өспүрүмдөр арасында зордук-зомбулук, суицид, диний экстремиздин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келди.

Базар-Коргон районунун прокурору Садык Сатыбалдиев, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер агентигинин райондук бөлүмүнүн жооптуу катчысы Эмил Досов, Райондук аксакалдар кеңешинин төрагасы А.Тойчиев, райондук имамдын орун басары Абдужапар уулу Жеңишбек, Райондук  Улуттук коопсуздук комитетинин ыкчам кызматкери Нурсултан Манапов, Ж.Токмергенов, Базар-Коргон РИИМнүн  ЭММКАКнын ыкчам-өкүлү, милициянын капитаны Санжарбек Токтобаев, Прокурордун орун басары Аалыев Айбек, райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкери Дарманкулов Касымбек баш болгон комиссиянын составы түзүлүп, элге түшүндүрүштү.

«Биз айыл аймактарды кыдырып, иш пландын негизинде «Өспүрүмдөр арасында зордук-зомбулуктун, диний экстремизмдин, суициддин алдын алуу бонча» түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. 2019-жылды алсак балдар арасында кылмыштуулук көбөйүп кеткен. Мисалы 2019-жылы район боюнча 22 балдарга карата кылмыш иштери козголгон. Мага эң көп берилген суроолордун ичинен автоунаалардын көптүгүнөн, каттуу жүргөндүгүнөн жол боюнда жайгашкан мектептерде жол белгисинин жоктугу окуучулардын өмүрүнө коркунуч жаратып жатканын айтып, жардам берүүмдү өтүнүштү. Тийиштүү мекемелер тарабынан бул кайрылуу чечилди. Менин оюмча биз өткөргөн жыйындардан жыйынтык чыгып, көп кылмыштуулуктан, суицидден, диний экстремизмден балдарды алыстатык деп ишенемин.»- деп билдирди Базар-Коргон районунун прокурору Садык Сатыбалдиев.

«Негизинен азыркы мезгилде ички жана сырткы миграция күч алганда өспүрүмдөр, жаштар арасында зордук-зомбулуктар көп болуп жатат. Акыркы айларда Жалал-Абад областында өз жакындарынан зордук-зомбулук көргөн балдар катталды. Ошондуктан балдарын таштаганда ишеничтүү адамдарга таштап кетишсе. Ал эми суицид да ушул себептен келип чыгышы мүмкүн. Себеби балдар ата-энеси алыста болуп, дос балдарынан же болбосо камкордукка алган тараптан жаман сөздөрдү угуп ушул жолго барышы да мүмкүн. Азыр жаштарда психология өзгөргөн, ата-эненин сөзүн оор кабыл алышат. Ата-энелер балдарды этият кылсаңар. Туура тарбия бериңиздер.»-деди Райондук  Улуттук коопсуздук комитетинин ыкчам кызматкери  Ж.Токмергенов.«Баланын биринчи кадамы бул мектеби. Ал эми биринчи кадам шилтөөсүнө жардам бергендер бул ата-энелер. Сиздер үйдөн кандай тарбия берсеңиздерошол тарбия менен бала калыптанат. Демек үйдөн тарбияны туура бериңиздер. Дайыма баланы көзөмөлдөңүздөр урматтуу ата-энелер. Улууну урматтоого кичүүнү сыйлоого үйрөтсөнүздөр.»-деди  райондук имамдын орун басары Абдужапар уулу Жеңишбек.

«2019-жылдын 22-апрелинен бери айыл аймактарды кыдырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келдик. Аталган тема боюнча пикир алышуу болду. Биздин  негизги максатыбыз «Суициддин, диний экстремизмдин, өспүрүмдөр арасында зордук-зомбулуктун алдын алуу» болчу. Менин оюмда окуучуларга жана ата-энелерге түшүнүктүү болду.»-деди райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкери Касымбек Дарманкулов.

Жыйналыштын жүрүшүн төмөндөгү видеодон көрө аласыздар:

 

Даярдаган:  Камбарали кызы Гүлназ