Ооган-Талаа айылындагы № 17 Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинде Улуу Ата Мекендик согуштун 74 жылдыгына карата майрамдык иш чара өттү.
Иш чарага мектептин 8-11-класстары жөө жүрүшүп, согушта курман болгондорго багыштап куран окулуп, мемориалдарына гүлчамбарларды коюшту. Ал эми иш-чаранын экинчи бөлүгүндө мектептин орус тили жана адабияты мугалими Абитова Арапатхан эжеке даярдаган концерттик программа менен башталып, «Май вальс» менен аяктады.
Төмөндөгү сүрөттөрдөн иш-чаранын кандай өткөнүн көрө аласыздар:
Могол айыл аймагынын соц.адиси Садыков Улукбек-«Окуучулардын жылда ушул жерге келип, гүл коюп кетиши аябай жакшы жөрөлгө. Биз дайыма тарыхыбызды унутпашыбыз керек. Бул жеңиш бизге кандай курмандыктар менен келди. Демек,биз унутпашыбыз керек.»


Курман болгондорго куран окулду.
«Тоо гүлү балдар бакчасы да эстеликтерге келип гүл коюшту.


Май вальс бийленип жаткан кезде.
Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ.