“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Базар-Коргондо МegaStore ачылды.

4 Май 2019 жыл 18:39
Көрүүлөрдүн саны: 198

Базар-Коргон районунда Мегаком компаниясынын кеңсеси бүгүн 4-май күнү ачылды.

Бүгүн Базар-Коргон районунда Мегаком байланыш компаниясынын райондогу эң ири кеңсесинин ачылышы болду.

Ачылышка Мегаком компаниясынын  Жалал-Абад аймагынын өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Ташполотов Тимур Жаныбекович, Базар-Коргон районунун администрациясынын статкатчысы Айбек кызы Айжамал катышты.

«Президентибиз Сооронбай Шариповичтин жарлыгы менен быйылкы жыл региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп жарыялаган. Ошол жарлыкты колдоп, Мегаком компаниясынын башкы директору Акылбек Жекшеновичтин демилгеси менен Базар-Коргон жергесинде MegaStore кеңсеси ачылды. Мегаком компаниясы өзүнүн тарыхы бар мамлекеттик компания, эл үчүн эбегейсиз көптөгөн сүйлөшүүлөр, интернет байланыштар, бүт багытта өнүгүп жаткан техналогиялар менен камсыз болгон ири компания элге кызмат кылып келе жатат. Буйруса 2019 -жылдын аягына чейин Мегаком компаниясы Жалал-Абад областынын баардык аймактарын 4G    менен камсыз кылабыз деген максатыбыз бар.»- деп билдирди Тимур Жаныбекович.

Базар-Коргон районунун администрациясынан келген өкүл Айбек кызы Айжамал төмөндөгүлөргө токтолду: — «Биз бүгүн республика боюнча жарыяланган ишембиликтен кийин районубуздагы кубанычтуу чоң бир салтанатка Мегаком компаниясынын ачылыш аземине келдик. Бул компания өлкөнүн 97% ээлегенин билебиз. Ал эми Базар-Коргон районунда ачылышы аябай жакшы. Мага билдиришкендей бул кеңседен эл насыяга телефон алса болот, анан ар кандай түшүнбөгөн суроолоруна жооп ала алышат. Мен Мегаком компаниясына ийгилик каалаймын.»

Ачылыш аземде ар кандай оюн-күлкүлөр менен коштолуп, катышуучулар баалуу белектерге ээ болушту.

Даярдаган:  Камбарали кызы Гүлназ