“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Көп тилдүүлүк программасы жыйынтыкталды.

3 Май 2019 жыл 9:37
Көрүүлөрдүн саны: 171

Базар-Коргон районунда көп тилдүүлүк боюнча окуучулар тест тапшырышты.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Кыргыз Республикасындагы мектептерде окуучулардын мамлекеттик тилди билүү денгээлин аныктоо үчүн аймактагы менторлор аркылуу жыйынтыктоочу тести жүргүзүлүп жатат.

Азыркы учурда Бишкек шаарында, Баткен облусунун Лейлек, Кадамжай районунда, Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарында, Ала-Бука, Сузак, Ноокен, Базар-Коргон райондорунда, Ош облусунун Ош шаарында, Араван, Өзгөн, Ноокат,Кара-Суу райондорундагы орус, өзбек, тажик тилдүү мектептериндеги окуучулар жыйынтыктоочу тестти тапшырышууда.

Базар-Коргон районундагы №2 Нышанбаев, №3 Бабур, №4 Навои, №26 Худайбердиев, №43 Улукбек, №20 Махмадалиев, №19 Арсланбоб, №34 Ю.Исламов мектептеринин окуучулары Көп тилдүүлүк программасынын алкагындагы Факультативдик курска тартылып,кыргыз тили жана адабияты мугалимдери жыл бою программанын алкагында кыргыз тили боюнча терендештирип сабак беришти.

Комплекстуу тест субтесттер менен иштөөнү окуучулар ийгиликтүү өздөштүрүп , кыргыз тилинде мамлекеттик тилде эркин сүйлөп аймактык менторлор Маматова Жаркын жана Режебаев Элмураддын алган жыйынтыктоочу тестине катышышты.

Тесттин жыйынтыгында окуучулардын алган билимдери аныкталат.

Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ