“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

«Прощай Азбука» майрамы Базар-Коргондо өттү.

28 Апрель 2019 жыл 7:32
Көрүүлөрдүн саны: 39

Базар-Коргон районундагы Ө. Атабекова атындагы инновациялык гимназия мектебинде  1-г классында «Прошай Азбука» майрамы өттү.

1-г классы орус класс болгондуктан майрам орус тилинде өттү. Класста 39 окуучу билим алып келет.

Аталган класстын класс жетекчиси Динара Маматовна.

Ушул класста билим алып жаткан Маккамбаев Бейшеналынын апасы Аскарова Гулжан төмөндөгүлөрдү билдирди-» 1-г классы орус класс 39 окуучу окуйт. Окуучунун санынын көптүгүнө карабай эң мыкты даярдаган. Бүгүн аябай балдар көңүлдүү, бийлеп, ырдап, макалдарды айтып жатышат. Мен класс жетекчиси Динарага чооң рахмат айтам.»

«Балдар жомок аткарышты. Менин балам карышкырдын ролун аткарды. Өзгөчө бул класстын формасы аябай жакты. Ата-энелердин демөөрчүлүгү менен форма тиктирдик. Ата-энелер комитетинин төрайымы Абдыкадырова Гүлжан эже баш болгон ата-энелер бүгүнкү кеченин өзгөчө өтүшүнө өз салымдарын кошушту.»-деди Гүлжан эже.

«Бул класстын көптүгүнө карабай ушунчалык деңгээлде даярдаган класс жетекчиси Динара Маматовнанын мээнети зор. Биз ата-энелер комитети эжекеге ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Ишине ийгилик, мындай майрамдардын далайын өткөрө беришин каалайт элек»-деди ата-энелер кеңешинин төрайымы Абдыкадырова.

Майрамдан үзүндүнү төмөндөгү видеодон көрө аласыздар:

Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ