“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Эрдиктери эсибизде аттуу акция өттү.

27 Апрель 2019 жыл 20:45
Көрүүлөрдүн саны: 86

Ооган-Талаа айылындагы Улуу Ата-Мекендик согушта курман болгондорго арналган эстеликтерди тазалоо акциясы болду.

Ооган-Талаа айылынан согушка кетип курман болгон баатырларга арналган эстеликтерди тазалоону 9-а классынын окуучулары демилге көтөрүп чыгып, эстеликтин айланасын тазалашты.

«Биздин ата-бабаларыбыз биз үчүн тынчтык алып келип, өздөрү курман болушкан. Биз эч качан алардын эрдигин унутпайбыз. Бүгүнкү акцияны да «Эрдиктери эсибизде» деп атадык. Кышы менен кар басып, ал эми жазда чөп басканын көрүп уюштурдук»-деп билдирди 9-классынын окуучусу Бообеков Арлен.

«Мен бүгүн аябай кубанычтуумун, себеби биз ойлогон, максат кылган акциябыз жакшы өттү.»-деди  ушул эле класстын окуучусу Абразакова Айжамал.

Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ фото сынак үчүн.