“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Акман айыл аймагында сармерден өттү.

27 Апрель 2019 жыл 19:26
Көрүүлөрдүн саны: 66

2019-жыл «Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына» карата Акман айыл аймагындагы Б.Осмонов мектебинде «Сармерден» болуп өттү.

Сармерден аталган мектептин агай-эжекелери тарабынан даярдалып, эң жакшы болду.

Сармерденге Базар-Коргон районунун билим берүү бөлүмүнөн Маматова Жаркын баш болгон коноктор келип катышты.

Сармердендин салты боюнча ыр-күүлөр, макал-лакап айтышуу, бийлер менен коштолду.

Чыгармачыл мугалимдер тарабынан кыргыз элинин каада-салттары да сахналаштырып, көргөзүлдү.

Сармерденден үзүндү төмөнкү видеодон көрө аласыздар:

 

Даярдаган:Камбарали кызы Гүлназ