“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Айылдагы спортту көтөрүү үчүн Көк-Алма айылына курулган спорттук зал иштеп жатат.

27 Апрель 2019 жыл 20:11
Көрүүлөрдүн саны: 79

Базар-Коргон районуна караштуу Көк-Алма айылына заманбап спорттук зал курулган.

Ооган-Талаа жамааттык мультимедия борборунун кабарчылары  №27 Р.Чойбеков атындагы орто мектебине барып, иштеп жаткан заманбап спорттук залдын абалы менен таанышып, класстан тышкаркы иштердин уюштуруучусу Токоев Алтынбек менен маектештик.

-Саламатсызбы Алтынбек агай.

-Саламатсынарбы.

-Сиздерге салынган спорт зал жөнундө айтып өтсөңүз.

-Бизде  спорт зал жок болгондуктан окуучулар жазда, күздө эшикте сабак өтүшсө, ал эми кышындасы чыга албай класста дене тарбия сабагын өтүп келишкен. Мындан сырткары ар турдүү кечелерибизди өткөрүүдө да аябай кыйналчуубуз.

-Спорт залды салууга сиздерге ким жардам көрсөттү?

-Көк-Алма айылында төрөлүп, өскөн азыркы мезгилде Жогорку Кеңеште депутат Сайдилла Нышанов эң чоң салым кошту. Ал келгенде биздин спорт залга муктаж экенибизди көрүп, жардам берем деген. Ошентип мамлекет тарабынан бюджетке кирип, курулуш баштоосуна Сайдилла Нышанов көмөк көрсөттү.

Картинки по запросу сайдулла нышанов— Спорт залдын ачылышы качан болду?

-Спорт залдын ачылышы октябрь айында болду. Премьер министр Абылгазиев Мухаммедкалый Дүйшөкеевич баш болгон, Жалал-Абад облусунун мэри Тагаев Муратбек, Базар-Коргон районунун акими Бегимкулов Айбек агалар келип, ачылышын өткөргөнбүз.(Спорт залдын ачылыш аземинде)

-Спорт залдын жалпы аянты канча?

-Залдын узуну 24 метр, ал эми туурасы 12 метр болду. Бул жерде кийинүүчү бөлмө, жуунучу бөлмөлөрдү, мугалимдер үчүн атайын канааларды кошпогондо ошончо болду. Залда ысык суу, муздак суу бар. Негизинен баардык шарттары каралды.

-Спорттук зал түшкөндөн кийин кандай өзгөрүүлөр болду?

— Спорттук зал курулгандан кийин бизге аябай жакшы болду. Ар түрдүү кечелерибиз, жыйналыштарыбыз ошол жерде өтөт. Кышын-жайын балдарыбызга шарт тузүлдү. Түрдүү спорттук мелдештер өтүп, окуучулардын ден-соолугун чыңдоого, бош убактысын телефондо же көчөдө өткөрбөй спорт менен машыгууга өбөлгө түзүлдү. Атайын маттар бар, окуучулар күрөшүшөт, волейбол, футбол оюндарын ойношот. Райондук спортакиадаларга катышып байгелүү орундарга жетишип жатышат. Спорттук залыбызда азыркы күндө окуучулардын мелдештери, оюндары болгон кезде эл келип көрүшөт. Мындан сырткары биздин мектеп аябай эскирип калгандыктан, Сайдилла Нышанов жаңы типтүү мектептин пайдубалын баштоого жардам берип, курулуп жатат, буйруса бүтсө жаңы мектепке киребиз.

-Биз Көк-Алма айылынын жалпы эли ошондой эле №27 Р.Чойбеков атындагы орто мектебинин мугалимдер жамаатынын атынан өзүбүздүн агабыз Сайдилла Нышановга чооң ыраазычылыгыбызды билдирип, дайыма ишине ийгилик, эл камы үчүн күйгөн уулубузга ак бата менен өмүр тилеп келебиз.

-Маегиңиз үчүн чоң рахмат.

-Саламатта болуңуздар!

Спорт залдын көрүнүшүн төмөндөгү видеодон көрө аласыздар:

Даярдаган:  Камбарали кызы Гулназ. Сынак үчүн