“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

«Мен Кыргызстандык экениме сыймыктанамын» атту сынак өттү.

23 Апрель 2019 жыл 18:45
Көрүүлөрдүн саны: 161

Жалал-Абад областында «Мен Кыргызстандык экениме сыймыктанамын» аттуу сынагынын областык туру жыйынтыкталды.

» Мен Кыргызстандык экениме сыймыктанамын аттуу сынактын облустук туруна N°5 Токтогул атындагы гимназия мектебинин 6 классынын окуучусу Дарманкулов Актилек жана бий боюнча 3 класстын окуучусу Примова Нурай катышты.

Бул катышуучулар Базар-Коргон районунда өткөн аталган сынакта биринчи орун алышып, областык турга жолдомо алышкан. N°5 Токтогул атындагы гимназия мектебинин 6 классынын окуучусу Дарманкулов Актилек биринчи орунду алса, бий боюнча экинчи орунга 3 класстын окуучусу Примова Нурай ээ болду. Окуучуларды аталган мектептин музыка мугалими Мергентаева Жаныл эжеке даярдап алып барган.

Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ