“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Бир кадр менен: Депутат менен жолугушуу өттү.

23 Апрель 2019 жыл 8:33
Көрүүлөрдүн саны: 147

Ооган-Талаа айылында жогорку кеңештин депутаты Мирлан Бакиров келип, эл менен жолугушту.

2019-жыл «Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына» карата мектептер, айыл эли менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн угушту.

Жолугушууга Базар-Коргон районунун акими Бегимкулов Айбек, Могол айыл аймагынын башчысы Эркин Турдукулов жана Бишкек шаарындагы №5 гимназия мектебинин директору катышты. №21 Ташиев мектеби аталган Бишкек шаарындагы мектеп менен онлайн сабак өтүү боюнча келишим тузүп, түз байланыш аркылуу сабак өтүлөөрүн айтып өтүштү. Ошондой эле аймактарды санариптештирүү боюнча №17 С.Далбаев атындагы гимназия мектебине да келишип, компьютер класстарына кирип, дагы компютер алып келүүгө жардам берерин айтып кетти депутат Мирлан Бакиров.

 

Даярдаган:   Тимурлан Мелисбек уулу