Базар-Коргон районунда «Жыл мугалими-2019» сынагынын райондук туру өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды.
Райондук Билим берүү бөлүмүнө караштуу мектептерден райондук турга сынакка Акман айыл аймагынан №35 Тешебай Исак уулу мектебинен физика мугалими,организатор Кыргызбаева Назгул, Базар-Коргон айыл аймагынан №3 Бабур гимназия мектебинин англис тили мугалими Хошимова Малика, Бешик-Жон айыл аймагынан №42 Сооронбаев орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими Жумабаева Айжан, Кенеш айыл аймагынан №14 1-май гимназия мектебинин тарых мугалими Торокулова Алтынай, Арстанбап айыл аймагынан башталгыч класс мугалими Темирбаева Зияда, Сейдигум айыл аймагынан Ж.Асанов орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Жээнтаева Гулбарчын 2019-жылдын 12-13-апрель күндөрү №30 О.Атабекова инновациялык гимназия мектебинде болуп өттү.
Сынактын биринчи күнү сабактар өтүлүп, 2-куну эссе. Педогогикалык суроолор камтылган тесттер менен мугалимдердин ой-жүгүртүүсү текшерилди.
Экинчи күнү чыгармачылык менен катышуучулар өзүн-өзү тааныштырышты.
Сынактын жыйынтыгында 1-орун Кыргызбаева Назгул Тешебай Исак уулу атындагы орто мектебинин мугалими, 2-орун Ж.Асанов орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Гулбарчын, 3-орун №14 1-май гимназия мектебинин тарых мугалими Торокулова Алтынай болуп, М.Хошимова , З.Темирбаева,А.Жумабаеваларга номинациялар ыйгарылды.
Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ