Айыл өкмөттөр арасында тынтыкка жана достука багытталган оюн өттү.
Базар-Коргон районундагы Макаренко атындагы гимназия мектебинин кичи футбол талаасында «Спорт-тынчтыктын жана достуктун элчиси» аттуу окуучулар арасында футбол мелдеши болду.
Аталган райондон беш айыл аймагындагы мектептерден чогулган окуучулардан түзүлгөн командалар футбол майданында топ тээп мелдеш өткөрүштү.
Базар-Коргон районундагы Сейдикум, Кеңеш, Базар-Коргон, Акман, Бешик-Жон айыл аймактарындагы мектеп окуучулары катышты.
«Бүгүнкү мелдеш окуучулар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, достукту чыңдоо максатында болду»-деп билдирди Базар-Коргон РИИБнын башчысынын орун басары Айбек Батыров.
Оюндун аягында биринчи орунду Сейдикум, экинчи орунду Базар-Коргон, үчүнчү орунду Кеңеш айыл аймагындагы мектептердеги окуучулар алышты.
Биринчиликти алган Сейдикум айыл аймагындагы Жалал Асанов атындагы орто мектебинин курама командасын алып келген ИДН милициянын лейтенанты Курманжан Караева-«оюн кызыктуу болду мындай оюндардан кийин албетте окуучулар арасында достук чындалат.»
Аталган мектептин окуучулар комитетинин төрагасы Жумабек уулу Бактыяр, Сабыров Даниел, Азимкулов Оомат «Мыкты оюнчу» деген наамдарды алышты.
Сейдикум айыл аймагынын башчысы Дөөлөталиев Эркин бул иш чарага катышып, биринчиликти алган Жалал Асанов атындагы орто мектебинин курама командасына акчалай сыйлыктарды тапшырды.
Оюнчуларга уюштуруучулар тарабынан грамоталар жана кубоктор берилди.
Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ