“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Экологияны сактоо боюнча пикир алышуу өттү.

6 Апрель 2019 жыл 22:37
Көрүүлөрдүн саны: 142

Базар-Коргон районунда экологияны коргоо боюнча семинар өттү.

Райондун ар жеринен келген география жана биология мугалимдерине семинар болду.

Бул семинарды немец уюму тарабынан атайын таанышуу топторду түзүү жана пландарды иштеп чыгууда пикирлерди билүү үчүн немец улуттунун өкүлү Вера келип, мугалимдер менен пикир алышышты.

Семинардын максаты окуучуларга экология боюнча жетиштүү түшүнүк берилип жатабы? Кандай көйгөйлөр бар? Биз канткенде экологияны сактап калабыз? Окуучулардын кызыгуусу кандай бул сабака? деген суроолор берилип, жооптор ачык, так талкууга алынды.

«Талкууда мугалимдер экология, биология, география сабактарынын бир жумада бир эле киргени, бир саатта толук жеткиликтүү түшүндүрө албай жатышканын, көйгөйүн айтышты»-деп билдирди С.Далбаев атындагы гимназия мектебинин биология мугалими Борбуева Жаңыл.

Мугалимдер кесиби боюнча биологдор жана географтар болуп 4 топко бөлүнүп пландарды түзүшүп, аны презентациялашты.

Семинардын жыйынтыгында экологияны коргоону окуучуларга терең түшүндүрүп, алардын аң-сезимине бул орчундуу маселени калыптандыруу керек деп белгилешти.

 

Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ