“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

40 жылдык бүтүрүүчүлөр мектепке арча отургузушту.

6 Апрель 2019 жыл 22:05
Көрүүлөрдүн саны: 259

Мектепти 1979-жылы бүтүрүп кеткен бүтүрүүчүлөр мектепке 23 даана арча отургузушту.

«Классташтарым менен биргеликте кеңешип, мектепке эстелик болсун деп арча алып келип, мектептин айланасын көрктөндүрүп, кооз, эсте калаарлык белек кылалы деп чечтик. Бул арчаларды биз Токтогулдан «Токтогул токой чарбасынан атайы алып келдирдик. Баары болуп 23 даана ар бирин 2500сомдон алдык»-деп билдирди 40жылдык жолугушууга келүүчү бүтүрүүчү, Могол айыл аймагынын башчысы Турдукулов Эркин Нурдинович.

Мындан сырткары мектепке кирүүчү жерге арка куруп  берүү планыбызда бар. Кирпич, курулуш материалдарын алдык. Жакынкы күдөрү курулуш башталат. Буйруса бүтсө 40 жылдык бүтүрүүчүлөрдөн эстелик болот.»-деди Эркин Нурдинович.

1979-жылы бүтүрүүчүлөр Турдукулов Эркин, Каимов Акыл баш болгон классташтар арчаларды өздөрү алып келип отургузушту.

Мектеп директору Давлет Омурзакова жана мектеп жамаатты 40 жылдык бүтүрүүчүлөргө ыраазычылыктарын билдиришсе, мектептин ардактуу агайы 75 жаштагы  Тиркешов Полот агай батасын берди.

Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ