“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Эл үчүн кызмат кылган-эр азаматтар.

28 Март 2019 жыл 21:57
Көрүүлөрдүн саны: 92

Ооган-Талаа айылындагы 1999-жылкы бүтүрүүчүлөрү элге аш-тойлордо иштете турган стол, отургучу менен жасап беришти.

Ооган-Талаа айылынын тургундары 1982-жылы төрөлгөн жана 1999-жылы 11-классты аяктап, туш тарапка учкан барчын куштар кайрадан 20 жылдан кийин жолугушууга келүүнү пландап, ушул бүтүрүүчү эр азаматтардын атынан элибизге кереги тийсин деп аш-тойлордо колдонуучу 10 стол, 20 отургучу менен жасатып беришти.

«Стол отургучу менен жасатууга балдар ортодо акча чогултуп, материалдарын алып келип, жасаттык. Баары болуп элүү миң сом акча сарпталды. Биз отургуч столдорду элдик жыйын болгондо  мечитке бердик. Ошол жерден эл алып колдонушат. «-деп билдирди Тиленов Кыял.

 

 

«Мындан сырткары өзүбүз окуган №17 Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинин алдына арча отургузуп берүү да оюбузда бар эле. Жаз келээри менен он түп арча алып келип, өз колубуз менен отургуздук. Бул 1982-жылкы бүтүрүүчү балдардан мектепке эстелик болду.»-деди Тиленов.

«Биздин мектептин бүтүрүүчүлөрү жыл сайын келип учкан билим уясынан кабар алып турушат. Бул жылы да 1999-жылы бүтүп кеткен бүтүрүүчүлөрүбүз билим алган мектебинин кайрылып бизди кубантып жатышат. Чоон рахмат биздин окуучуларыбызга, ишиңиздерде дайыма ийгилик болуп, Эл учун кызмат кылган эр азаматтардан болгула.»- деди Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинин директору Омурзакова Давлет Токтосуновна.

Арчага баары болуп беш миңдей акча сарпталып, мектептин кире беришине отургузулду.

 

Арча отургузууга 1982-жылкы балдардын атынан келген Тиленов Кыял, Алыбаев Марс, Каныбектер да жакшы тилектерди айтып, дайыма мектебибизге келгенде, биз отургузган арчаларды көрүп, суктанып, 20 жылдык жолугушуубузду эстеп туралы деп айтып кетишти.

«Ар дайым элге кызмат кылган эр азамат болуп жүрө бергиле»-деп бата берди мектептин чарба иштерин алып баруучусу Аликулов Шакир.

Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ