“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

«Жыл мугалими-2019″сынагы Акман айыл өкмөтүндө өттү.

23 Март 2019 жыл 22:02
Көрүүлөрдүн саны: 75

23-март күнү Акман айыл өкмөтүндөгү мектептер арасында «Жыл мугалими-2019» сынагы болуп өттү.

Бул сынакка Тешебай Исак уулу атындагы №35 орто мектебинин математика мугалими, класстан тышкаркы иштердин уюштуруучусу Кыргызбаева Назгүл, №5 Токтогул атындагы гимназия мектебинен кыргыз тили жана адабият мугалими Гүлжигит кызы Мунара, О. Палванов атындагы орто мектебинен башталгыч класс мугалими Акматкулова Сапаргүл катышышты.

Сынак чүчү кулак тартуу менен баштоо тартибин белгилеп алышты.

Биринчи болуп  №5 Токтогул мектебинин  мугалими Мунара сабагын өттү.

Экинчи болуп Тешебай Исак уулу атындагы орто мектебинин мугалими Кыргызбаева Назгүл математика сабагын өттү.

Чүчү кулакты үчүнчү болуп тарткан Палванов атындагы орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Акматкулова Сапаргүл кыргыз тили сабагынан өтүп берди.

Калыстар тобуна келген катышуучу мектептердин окуу бөлүм башчылары калысттык менен чечүү жоопкерчиликтерин алышты.

Жобонун негизинде кийинки тапшырма эссе жазуу болуп, ага «Быйылкы жыл региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылында сен кантип салым кошо аласын?»-деген темада эссе жазышты.

Сынактын жүрүшүндө келген мектептерден өз катышуучусун колдоо максатында ыр ырдап, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулап турушту.

Кийинки тапшырма тест менен иштөө болду.

Берилген тапшырмалардын баалоо менен бүгүнкү «Жыл мугалими-2019» сынагынын Акман айыл өкмөтүндөгү мектептер арасында №35 Тешебай Исак уулу атындагы орто мектебинин мугалими Кыргызбаева Назгүл Андалбековна жеңүүчү деп аталды.

Палванов атындагы орто мектебинин башталгыч класс мугалими Акматкулова Сапаргүл 2-орунга татыктуу болду.

Ал эми катышуучулардын эң жаш мугалими  Гүлжигит кызы Мунара 3-орунду алды.

Жеңүүчү деп аталган Кыргызбаева Назгүлгө ийгилик каалап, райондон да биринчиликти алышын, баардык Акман айыл өкмөтүндөгү мектептердин атынан колдоо көрсөтүшөөрүн айтып кетишти.

 

Даярдаган:  Камбарали кызы Гүлназ