“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Сүрөтбаян: Спорт ден-соолуктун булагы.

23 Март 2019 жыл 22:22
Көрүүлөрдүн саны: 154

Бүгүн 23-март күнү мугалимдер арасында спорттук оюндар болуп өттү.

Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмү тарабынан берилген буйруктун негизинде спорттук оюн Акман айыл өкмөтүндөгү №5 Токтогул атындагы гимназия мектебинин спорттук залында болду.

Спорттун волейбол, теннис, шахмат түрлөрү боюнча 4 мектептин мугалимдеринен түзүлгөн курама командасы катышты. 

Бул спорттук оюнда  Б.Осмонов атындагы гимназия мектеби волейбол, шахмат, боюнча жеңүүчү деп аталды.

 

Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ