“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Токтогул мектебиндеги ийгиликтер.

23 Март 2019 жыл 21:04
Көрүүлөрдүн саны: 49

 Акман айыл өкмөтүнө караштуу №5 Токтогул атындагы гимназия мектебиндеги алгылыктуу иштер жүрүп жатат.

Мектептин директору Матисаков Равшанбек Амангелдиевич 2010-жылдан бери бул кызматты аркалап келе жатат. Бул жылдар арасында мектептин атын далайга чыгарды. Мектепте 507 окуучу билим алса, 33 мугалим билим берип келет.

«Мен тогуз жылдан бери көптөгөн проектилер менен иштедим. Мисалы АРИС менен биргеликте 652миң сомдук темир тосмолор менен мектептин айланасын тостурдум. 175миң сомдук ашканага керектүү заманбап, техникаларын алып жабдыдык.

Акман айыл өкмөтү тарабынан 115 миң сомго мектептин эшиктерин пластик эшиктерге алмаштыра алдык.

182 миң сомго жыйындар залыбызга кондиционер,  ал эми башталгыч класстарга 135 миң сомдук жылытуу мештерин жаңы алып койдурдук.

Ал эми 1998-жылкы бүтүрүүчүлөрүбүз тарабынан 20 жылдык жолугушууда 50 миң сомдук видеобайкоо коюлду.»-деп билдирди мектеп директору Равшанбек Амангелдиевич.«Жыл мугалим-2019″сынагына кыргыз тил жана адабият мугалимибиз Гүлжигит кызы Мунара катышып, 3-орунду алды. Мунара келечекте мыкты мугалим болоруна биз ишенебиз. Келечеги али алдыда»-деп билдирди окуу бөлүм башчысы Нуржамал эжей.

Мектептин класстан тышкаркы иштердин уюштуруучусу Маткулова Гулжамал Сатыбалдиевна алып барат. Уюштуруу иштери жакшы жолго салынган. Ар түрдүү ийримдер  иштейт. Математика, кыргыз тил, орус тил, чет тил ийримдерине катышып, окуучулар убактыларын текке кетиришпейт.

Окуучулар арасында шахмат, волейбол оюндары байма-бай өткөрүлүп турат.

«Бүгүн мектепте «Жыл мугалим-2019″, Райондук Билим Берүү бөлүмүнөн келген буйруктун негизинде зооналдык спорт оюндары өтүп жатат. Шахмат, волейбол,теннис боюнча мугалимдерден түзүлгөн курама команда катышты.»-деп билдирди Гулжамал Сатыбалдиевна.

Класстык бөлмөлөр кооз жасалган таза, тыкан. окуучулар үчүн актовый зал, спорттук зал, ашкана иштеп жатат. Балдар ашканадан тамактанып, түштөн кийинки атайын курстарга катышышат.

Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ