“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

«Берекелуу жаз майрам — Нооруз келди жайнаган»

22 Март 2019 жыл 11:42
Көрүүлөрдүн саны: 217

Базар-Коргон районундагы Ак-Тайлак ата ыйык жеринде Умай энелер ашы-сүмөлөк кайнатылды.

20- март күнү «Ширин», «Жомок», «Гулнара», «Икбол», «Чолпон», «Насыйкат» бала бакчалары сүмөлөктү уюштуруп,  түнү бою кайнатышты.Ал эми Базар-Коргон райондук Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.Ж.Усенов баш болгон райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери сүмөлөктөн кабар алып келип, өз каалоо-тилектерин айтып,сүмөлөк аралаштырып кетишти. Ошондой эле Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары К.Тилекеев да келип жакшы каалоолорун айтып кетти.

21-март Нооруз күнү сүмөлөк ачкан кезде Акман айылынын ардагер мугалими ардактуу аксакал Машрапов Андалбек агай баш болгон аксакалдар батасын берип жалпы журтчулукка тынччылык,береке,ынтымак каалашты.

Райондун акими Бегимкулов Айбек Карыбекович, акимдин орун басары Адышова Замира Адышовна, Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Усенов Тыныч Жумабекович баштаган бир топ райондо аты чыкан эр азаматтар келип бата менен сүмөлөктү ачып,  ооз тийишти.

Ар бир келген конок ооз тийип жатып жакшы каало- тилектерин айтып жатышты.

Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ