“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Ооган-Талаа айылында сармерден өттү.

20 Март 2019 жыл 14:28
Көрүүлөрдүн саны: 232

 

Ооган-Талаа айылындагы №17 Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинде 21-март Нооруз майрамына жана Кыргыз тилинин статус алганынын 30 жылдыгына карата «Сармерден-2019» болуп өттү.

Мектеп директору Давлет Омурзакова- «Бүгүн 21-март Нооруз майрамына жана кыргыз тилинин 30 жылдыгына карата кыз-жигиттин сармерденин баштап жатып, силерге келе жаткан Нооруз майрамы жакшылыктын, ырыскынын, ийгиликтин жылы болсун деп каалап кетемин.»

Кечеде обондуу ырлар, айтыш, макалдар, жаңылмачтар, акыйнектер айтылды.

Улуттук бийлерди бийлешти.

Улуттук оюндардан токмок, жоолук таштамай оюндары болду.

Жигиттер тобунан Дөлдөев Нуртилек Манас эпосунан үзүндү айтса, кыздар тобунан Асанова Элиза Каныкейдин Тайторуну чапканынан үзүндү айтты.

Мектептин ардагер агайы Тиркешов Полотбек окуучуларды куттуктап, өзүнүн калемине таандык «Кел Ноорузум» аттуу обонду ырын тартуулады.

Сармердендин соңунда калыстар тобунун мүчөсү Буйгаева Жамал —  «Сармерден бүгүн аябай шаңдуу, кызыктуу өттү. Жакшы даярданышкан. Дайыма улуттук каада-салтты унутпаган, каада-салтты туу туткан улан-кыздардан болушунарды каалаймын.»

Даярдаган: Камбарали кызы Гулназ