“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

«Таза мектеп» акциясы болуп өттү.

15 Март 2019 жыл 14:20
Көрүүлөрдүн саны: 163

Жаз келээри менен №17 Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинде 15-март күнү «Таза мектеп» аттуу акция болуп өттү. 

Акцияга 5-11-класстар катышып, мектептин айланасын, арыктарды тазалашты.

«Бүгүнкү акцияда мектептин айланасын тазалап, окуучуларды коомдук иштерге, эмгекке уйрөтүү, тарбиялоо болду. Мектептин айланасына көчөттөрдү отургузушту»-деп билдирди Абитова Арапат.

Мектептеги кошундун башчысы Алиев Сыймык- «Акциянын негизги максаты окуучуларды тазалыка, көчөт отургузуп, аны өстүрүүнү үйрөтүү эле. Биз максатыбызга жеттик. Акция эң жакшы өттү. Окуучулар көчөт отургузуп жатып, биз бир кезде келгенибизде ушул отургузган көчөттөрүбүз чоңоюп мөмө берип калат экен деп тилек кылып отургузушту.»

Даярдаган: Камбарали кызы Гулназ