“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Областык олимпиададан 3-орунга жетишкен Айтурган.

15 Март 2019 жыл 14:53
Көрүүлөрдүн саны: 56

Ооган-Талаа айылындагы №17 Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинин 11-классынын окуучусу Усен кызы Айтурган райондук олимпиададан өтүп, областтык олимпиададан 3-орунду алып кайтты. Үчүнчү даражадагы дипломду Областтык усулдук борборунун жетекчиси Токтосунов Акылбек тапшырды.

«Айтурган мындан мурун да физика сабагы боюнча райондук олимпиадаларга катышып байгелүү орундарды алып жүргөн. Быйыл кыргыз тили жана адабияты сабагынан катышып, райондон кийин областык турда 3-орунду алганы бизди аябай кубантты. Биз Айтурган менен сыймыктанабыз. Эң негизги даярдаган мугалими Кадырова Фариданын салымы өтө жогору. Ал тынбай Айтурган менен даярданып, ушул ийгиликке жетти.»- деп билдирди мектеп директору Давлет Омурзакова.

Айтурганды сентябрдан бери даярдап келген кыргыз тили жана адабияты мугалими Кадырова Фарида. Фарида эжеке былтыркы жылкы олимпиададан да райондук андан кийин областык турга окуучусу Таирбек уулу Заирбек менен чыгып, грамота менен сыйланышкан.

Даярдаган: Маратбек кызы Ширин