Асмандан жарык көрсөң, жылдыз деп бил,
Ак калпак кийгендерди, кыргыз деп бил.
№17 Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинин окуучулары «5-март Ак калпак» күнүнө каратат жөө жүрүш өткөрүштү.
Жөө жүрүшкө 5-6-7-8-9-10-11-класстарынын эр жигиттери ак калпактарды кийип, ак калпакты даңазалаган ырлар менен басып өтүштү.





Жөө жүрүштү мектептин директору Давлет Омурзакова өз каалоосу менен ачып, окуучуларды Мекениңердин татыктуу атуулу, коргоочусу, ак калпагыңардай бийиктикти, таза, аруулукту каалоо менен баштап берди. Окуучуларды КТИУ Камбарали кызы Г, БӨУ Саркарова Роза, Жамгырчиева А, дене тарбия мугалимдери Эгембердиев Хасан, Хусан, Шакиров Асан агайлар коштоп басышты.
Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ