“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Ак калпак күнү белгиленди.

5 Март 2019 жыл 18:34
Көрүүлөрдүн саны: 230

Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүнүн билим берүү мекемелеринде 5-март ак калпактар күнүнө карата иш чаралар болуп өттү.

№5 Токтогул атындагы гимназия мектебинде жөө жүрүш өткөрүлдү. Жөө жүрүштүн максаты: Жаш муундарды патриоттуулукка, Мекенди коргоого, сүйүүгө, Ак калпакты ыйык тутууга тарбиялоо болду.

4″б» классынын класс жетекчиси Эргешова Гүлзар ачык тарбиялык саат өтүп берди.

 Маанайды көтөргөн эр жигиттердин «Кара жорго» бийи бийленди.

Райондогу мектептерден №35 Тешебай Исак уулу атындагы орто мектеби, №31 А.Абдрахманов атындагы орто мектептери да кечелерди, сармерден, жөө жүрүштөрдү өткөрүштү.

«Бүгүнкү иш чаралар окуучуларды Мекенди сүйүүгө, урматтоого үйрөткөн, ак калпактын ыйыктыгын дагы бир ирет окуучуларга даңазалап жана аларды өз элинин патриоту болуусуна тарбияладык деп ишенемин»-деп билдирди №35 Тешебай Исак уулу атындагы орто мектебинин класстан тышкаркы иштеринин уюштуруучусу Кыргызбаева Назгүл.

 

Даярдаган:  Камбарали кызы Гүлназ