“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

«48 саатка жогол»оюну боюнча түшүндүрүү иштери болду.

3 Март 2019 жыл 4:35
Көрүүлөрдүн саны: 194

Билим берүү бөлүмү тарабынан берилген буйруктун негизинде Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинде  окуучуларга жана ата-энелерге «48 саатка жогол» аттуу интернет түйүнүнөн таркаган опурталдуу оюн боюнча түшүндүрүү иштери болуп өттү.

Жыйында мектеп директору Давлет Омурзакова бул оюн боюнча түшүндүрүп, окуучуларды бул оюнду ойнобогула андан көрө сабакка керектүү сайттарга кирип, билимиңерди тереңдеткиле деди.

Аталган оюн боюнча мектептин соц.педогогу доклад окуду.

Балдар иштери боюнча милициянын кызматкер Мамытов Эрнис окуучуларга кеңири түшүнүк берип, жакшы окуп, Мекенге кереги тийген инсандардан болгула деди.

Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ.