“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Гүл жасап, көңүлдү гүлгө орогон Роза.

26 Февраль 2019 жыл 13:02
Көрүүлөрдүн саны: 248

Ооган-Талаа айылынын келини Маатемирова Роза колдо жасалган гүлдөр менен көңүлдү көтөрүп келет.

Роза-«Кичине кезимен эле кооз буюмдарга кызыгуу менен карап, өзгөчө гүлдөрдүн сулуулугуна суктанчуумун. Анан аларды колдо жасоону үйрөндүм. Мен гүлдөрдү кагаздан, ар түрдүү ленталардан жасаймын.»

«Мен жакындарымдын туулган күндөрүнө, майрамдарда белекке жасап берип жүрдүм. Андан соң менин эмгегимди баалашып,курсташтарым, дорсторум да жасатып, сатып алып белеке ала башташты.»-деди Роза


Гүлдөн башкада чач жасалгалоочу гүлдөрдү да жасаймын.

«Бул чач жасалгалоочу резинканы жаш кыздар көп суранып,ошолор үчүн жасайм.»- деп билдирди Маатемирова.

Дагы бир жашоого керектүү буюм-бул занавеска карматуучу болуп саналат,себеби бул кичинекей,бирок эң керектүү нерсе жашообузга керектүү экенин билдик.

«Жолдошум менин хоббимди колдойт.Жасаган буюмдарымдын сынчысы да жолдошум. Гулдөрүмдү жасап бүткөн соң, Белеке көрсөтүп,сынынан өтөмүн.»«Ушундай сувенирдик кооз белектерге буйрутма беришет. Негизи белектин баасында эмес,анын кооздугунда эмеспи, ошондуктан кооз нерселер жасап,адамдардын көңүлүн көтөргүм келет.»- дейт Роза.

Жакындарыңызга эстен кеткис белек бергиңиз келсе Розага кайрылсаңыздар болот.

Даярдаган:  Камбарали кызы Гулназ.