Эң актуалдуу темалардан болгон «Тарбия башаты-үй бүлө» аттуу тегерек стол болду.
А. Абдырахманов атындагы №31 орто мектебинде 21 -февраль Бүткүл Дүйнөлүк эне тили күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнүн отличниги, адеп мугалими Калбутаева Бусайра «Тарбия башаты- үй бүлө» деген темада тегерек стол өткөрдү.Тегерек столго 7-11 — класстардын окуучулары, ата-энелер, мугалимдер катышты.Аталган тема боюнча кызуу талкуу жүрдү.
Ата-энелерден Токоева Рахима, мектеп директору Адиева Жамила, КТИУ Ашимова Айнура, мугалимдерден Абдыкадырова Элмира, Калдарова Бактыгуль, Жумашова Сонунай , окуучулар Алмазбек уулу Байгазы, Жунусали Кызыл Толгонай, Сыдыкова Айсулуу аталган тема боюнча өз ойлору менен бөлүшүштү.
Катышуучулар бала тарбиялоодо үй-бүлөнүн ролу жөнүндө роликтерди көрүп талкуулашты.
Келген коноктор, ата-энелер тегерек столду уюштурган Калбутаева Бүсайра эжекеге өз ыраазычылыктарын билдиришти.
Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ