“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

«Эч ким, эч нерсени унутпайт» райондогу мектептердин ардагерлер менен жолугушуусу.

15 Февраль 2019 жыл 18:51
Көрүүлөрдүн саны: 79

 

 

Бүгүн 15-февраль күнү Ооган согушунун ардагерлери менен жолугушуу болду.

Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмү тарабынан жөнөтүлгөн иш чаранын негизинде, райондун баардык мектептеринде Советтик Армиянын Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 30 жылдыгына карата иш чаралар өттү.

Ооган согушуна катышкан жоокерлерди эскерүү, ардагерлерге арналган концерттик программалар коштолду.

Спорттук оюндар болуп, жеңүүчүлөр ардагерлердин колунан грамоталарды алышты.

Ардагер Нышанбаев Рустамдын уулу 9-класстын окуучусу Машрапов Данияр атасынын патриоттуулугуна сыймыктанып, ага ыр арнады.

Окуучулар арасында аскердик сынактар, баракелде жигиттер аттуу сынактары да болду.

№9 Жалал Асанов, №35 Тешебай Исак уулу, №11 М. Алыкулов, №17 С.Далбаев, №42 К.Сооронбаев, №24 С. Нурдавлетов, №4 А.Новои мектептери өтө таасирлүү, кызыктуу, концерттик программаларды, тарбиялык сааттарды, оюндарды өткөрүп, видеотасмаларды көрсөтүштү.

С.Далбаев мектебинин окуучуларына Ооган согушун чагылдырган видео тасмалар көрсөтүлдү.

Видеотасманы көргөн окуучулар көздөрүнө жаш алып, эскеришти.

Мындай иш чаралардан соң окуучулардын, ата-энелердин элесинде Ооган согушундагы апаат күндөр, курман болгон жоокерлер дайыма сакталат деп ишенем.

Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ