“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Сүрөтбаян: «Жомоктор дүйнөсүнө саякат.»

14 Февраль 2019 жыл 19:48
Көрүүлөрдүн саны: 48

Бүгүн 14-февралда Ооган-Талаа айылынын бөбөктөрү үчүн аябай кубанычтуу күн болду.

Мектепке Бишкек шаарынан куурчак театры келип, көңүлдүү маанай тартуулады.

Театрда бөбөктөр сүйүп көргөн мультфилим каармандары «Дени сак болууну үйрөнөбүз» аттуу жомок көрсөтүштү.

Хамразбеков Нуртилек- «Бүгүн биз аябай сонун, пайдалуу оюн-зоокту көрдүк. Өзгөчө бөбөктөр мультфилимдеги каармандарды көргөндө аябай кубанышты, андан соң биз алар менен сүрөткө түштүк. Бул күн эсте калаарлык күн болду.»

Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ.