“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

«Ооган жоокерлери элибиздин эсинде» аттуу кече.

14 Февраль 2019 жыл 18:56
Көрүүлөрдүн саны: 110

Акман айыл өкмөтүнө караштуу Кайырма айылындагы №5 Токтогул атындагы гимназия мектебинде «Ооган жоокерлери элибиздин эсинде» аттуу кече өтүштү.

Кечеге Ооган согушунун ардагерлери Борошов Эгемберди, Молдоташев Бекмамат, Боронбаев Сапарбай, Зулумбеков Закирбек агаларды конокко чакырып, алар үчүн концерттик программа коюп беришти.

«Бул иш чараны мектептин администрациясы жана 4- классынын окуучулары, класс жетекчиси Эргешова Гүлзар даярдап, эң жакшы майрамдык маанай тартуулашты.»-деп билдирди мектептин класстан тышкаркы иштерди уюштуруучусу Маткулова Гүлжамал.

Кечени ата-энелер, мугалимдер, окуучулар көрүштү.

Ардагерлер өз ыраазычылгын билдиришти.

Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ