“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

«Мугалимге пайдалуу усулдук күн»

13 Февраль 2019 жыл 17:44
Көрүүлөрдүн саны: 97

2019-жылдын 13-февраль күнү  №27 Р.Чойбеков атындагы орто мектебинде усулдук күн өттү.
Мугалимдерге райондук билим берүү бөлүмүнүн окуу кабинетинин башчысы Жаркын Маматова баш болгон усулчулар: Дооронкулова Гүлмира, Дарманкулов Касымбек, Мурзаева Сабира, Мирзакулов Аманбек жакындан жардам берүү үчүн мектепке келип, усулдук күн өткөрүштү.

Календардык план, конспекти, компетентүүлүк жана портфолио боюнча маалыматтарды беришти.

Ошондой эле 3- класстын мугалими Курбанова Нуркан иш тажрыйбасын жайылткандагы сабагын өтүп берди.


Усулдук күн мугалимдер үчүн жемиштүү, пайдалуу материал ала алчуу күн болду деп мугалимдер белгилешип, окуу кабинетинин башчысы Маматова Жаркын баштаган усулчуларга ыраазычылык билдиришти.

Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ