“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Сүрөтбаян: Кышкы оюн-2019.

10 Февраль 2019 жыл 18:45
Көрүүлөрдүн саны: 135

Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинин 8-11-класстары үчүн «Кыш оюн-2019» спорттук оюну болуп өттү.

Спорттук оюнда чана тартмай, эстафеталык чуркоо, турникте тартынуу, аркан тартмай болду.

Оюнду дене тарбия мугалимдери Эгембердиев Хасан, Хусан, Шакиров Асан уюштуруп, өткөрүштү. Окуучулар аябай кызыгып, шаңдуу ойношту.

«Кышкы оюн-2019″спорттук оюнда биринчи орун 9 б классы, экинчи орунду 10-класс, 3-орунду 8-б класстары алышты.

Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ.