“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

«Согуш мезгилиндеги поэзия»аттуу адабий кече.

10 Февраль 2019 жыл 19:23
Көрүүлөрдүн саны: 132

Аук айылындагы А.Абдырахманов атындагы орто мектебинде Советтик Армиянын Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 30 жылдыгына карата орус тили жана адабияты мугалими Ашимова Айнура Мусабековна «Согуш мезгилиндеги поэзия» аттуу адабий, музыкалык кече өттү.Кече Ооган согушунда курман болгон жоокерлерге арналды.

Адабий кечени 11-классынын окуучулары, өтүлгөн темадагы согуш мезгилиндеги поэзия боюнча эң жакшы аткарышты.

«Бүгүнкү Советтик Армиянын жоокерлерин Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 30 жылдыгына арналган адабий кече эң мыкты өттү. Согуш мезгилиндеги поэзия, ырлар, бийлер аткарылды. Окуучулар активдүү, көрүүчүлөргө да аябай кызыктуу болду»-деп билдирди ушул мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими Калбутаева Бүсайра.

Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ.