“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Билимге умтулуу бийиктик.

7 Февраль 2019 жыл 19:15
Көрүүлөрдүн саны: 188

Бүгүн 7-февраль Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинин адеп мугалими Токтогулова Алтынай «Билимге умтулуу бийиктик» аттуу райондук деңгээлдеги ачык саат өттү.

Сабак 7- классынын окуучуларына өтүлдү. Сабакта интерактивдүү метод, проектордун жардамы менен слайд жасап, кластер, тест менен эң мыкты сабак өтүштү.

Адеп секциясынын башчысы  Усаинова Гулипа Сатиевнанын айтымында-  «Бүгүнкү сабак өз максатына жетти. Көргөзмөлүү, окуучулар активдүү, жаңы метод менен өтүп, өтүлгөн теманы окуучулар так  түшүнүштү.»

С.Балтабаев атындагы орто мектебинин адеп мугалими Рахманова Анархан өз ыраазычылыгын билдирди. «Окуучулар билим, бийиктик жөнүндө, ал билимге жеткирген мугалимдер жөнүндө видеотасма көрсөтүп, айтып жатканда көзүнөн жаш тегеренгенин айтты.»Р.Чойбеков мектебинин мугалими Юлдашова Адина «Сабак кызыктуу болду. Окуучулар эң жакшы жооп берип жатышты. Алтынай эжекеге ийгилик, райондук денгээлдеги мыкты сабак өттү рахмат.»

А.Махмадалиев атындагы орто мектебинин адеп мугалими Икрамжан кызы Исмигүл- «Мен бул сабактан өзүмө керектүү көп нерсе алдым. Мен жаш адис болгондуктан мындай сабактарга катышып, тажрыйбамды жайылтсам деймин. Чоон рахмат Алтынай эжекеге.»

Даярдаган: Гүлназ Камбарали кызы