“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинде акредитация өттү.

6 Февраль 2019 жыл 11:59
Көрүүлөрдүн саны: 154

Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинде 5-февраль күнү акредитация өттү.

Тестти ЖАМУнун студенттери келип алышты. Мектепте 8-класстардан  математика, кыргыз тил, тарых, биология сабактарынан тест алышты.

«Бүгүн биздин мектепте акредитация боюнча тест алышты. Тест өтө так, жобонун негизинде болду. Тесттик материалдарды биздин көзүбүзчө ачып, таркатып,өз убагында иштетип, кайра жыйнап алышты. Тест биз үчүн оор болгон жок. Себеби биз дайыма тест менен ар сабакттардан иштеп турабыз. Ошол себептен эч кыйналган жокпуз»-деп билдирди 8-классынын окуучусу Бекнур Калдаров.

Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ