Класстан тышкаркы иштерди уюштуруучусу Алима эжеке — «Даниил 2018-жылы жайда IFES тарабынан уюштурулган «Демократия лагерине» барып, окуп келген. Ал жерде лидерлик сапатты үйрөнгөнүн, демократиялык шайлоону кантип өткөрүүнү үйрөткөнүн айткан.
«Ушул демократиялык лагерден үйрөнгөндөрүн иш жүзүнө ашыруу максатында, мектепте Акыл ордо интелектуалдык оюнун уштурду»- деп билдирди Алима эжеке.
Бүгүнкү оюнга 8-9-10-класстарынын окуучулары катышты. Окуучулар төмөндөгү тапшырмалар менен өз билимдерин сынашты.
Акыл ордо аябай кызыктуу өткөнүн мугалимдер жана окуучулар айтып кетишти.
Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ.