Ооган-Талаа айылына Индиядан келген Ранджид Кумар жана Сониа айым «Фейр трейд» компаниясынын кызматкери Азиз Расулов конокко келишти.
Алардын келгенинин максаты менен ЖМКнын журналисттери маектешти.
-Саламатсызбы. Өзүнүздү тааныштырып кетсеңиз? Сиздин Ооган -Талаа айылына келүүнуздүн максаты?
— Саламатсыздарбы. Мен Борбуева Рахат «Фейр Трейддин» Орто Азиядагы Түйүнүнүн жетекчисимин. Индиядан келген Ранджид Кумар жана Сониа айым Фейр трейд компаниясынын кызматкери Азиз Расулов менен Кызыл-Үнкүр айылына бара жатабыз. Кыргыз токой байлыгынын директору менен жолугушуп кандай иштеп жатканы жана сертификатты уланттабы иштери кандай7 кандай кошумча башка тармактар менен иштейсинер? Кандай көйгөйлөр бар? Бизден кандай жардам керек?- деп биз алар менен жолугушуу өткөрөбуз.
-Демек, сиздерге элге кандай жардам керек экенин аныктайсыздарбы?
-Ооба, биз ал жерде кандай көйгөй маселелер болсо жазып, дуйнөлүк деңгээлде өзүбуздүн Фейр Трейд түйүнүнө кат жазабыз. Кандай көйгөй болсо жардам берип, чечүү жолдорун издейбиз.
-Ал эми Ооган-Талаа айылына токтоп, мектепке кирүгө эмне максат болду?
— Ооган-Талаа айылында жеке ишкер Субанов Нурадил мөмө жемиштерди кургатуу программасы менен иштейт. Биз ал менен жолугушуп, кургаткан продукцияларын көрдүк. Андан кийин коноктор Ооган-Талаа айылындагы мектепти көрүп, кирип кетели дешти. Мектепке кирип, окуучулар менен баарлаштык.
-Маегиңиз үчүн чоң рахмат.
Окуучулар аябай кызыгып Сони айым менен таанышып, сүрөткө түшүштү.
Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ