“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебине ыр арнаган акын эже.

3 Февраль 2019 жыл 9:59
Көрүүлөрдүн саны: 739

Акын Маматова Кундузбү Алимбековна эжекеге Ооган-Талаа айылынын Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинин класстан тышкаркы иштердин уюштуруучусу Камбарали кызы Гүлназ социалдык тармак аркылуу ырларын окуп, ага Сатыбалды Далбаев жөнүндө ыр жазып берүүсүн өтүнүп кат жазган. Ооган-Талаа жамааттык мультимедиа борборунун кабарчылары эжеке менен маектештик.

-Эжеке сиз акын Кундузбү Алимбековна эжеке менен кантип тааныштыныз?

-Мен Кундузбү эжекени социалдык тармактар аркылуу достошуп, эжекенин ырларын окуп, аябай таасирленчүүмүн. Дайыма ар бир чыгарган жаңы ырларын окуп келем.

-Сиз Сатыбалды Далбаевге арнап ыр жазып бериңиз деп кат жөнөткөн экенсиз, кандай максатта сурандыңыз?

-Сатыбалды Далбаев менен бир эле Ооган-Талаа айылы сыймыктанбастан бүткүл Кыргызстан сыймыктанат. Кыргыз тили жана адабиятты мугалими Кадырова Фарида эжеке экөөбүз көркөм окуу сынагына улуу инсан, мектебибиз атын алып жүргөн Сатыбалды Далбаев жөнүндө ыр окулсун деп чечтик. Анан мен Кундузбү эжекеге кат жөнөттүм.

-Кат жөнөткөндө кандай сезимдер болду?

-Биринчи,  бул ой оюма келгенде дароо эле фейсбук аркылуу эжекеме кат жаздым. Жооп береби же бербейби деп күттүм. Жарым саат өтпөй Кундузбү эжекеден кат келди. Эжеке макул болуп, ыр жазып бермек болду.

-Кундузбү эжеке канча убакытта ыр жазып берди?

— Убактысы болобу болбойбу деп күтүп жүрдүм. Бир жумага жетпей аябай мааниси терең ырды мага жөнөттү.

Кундузбү эжекенин өтө жөнөкөй, мээримдүү экенин билдим. Мени тааныбай туруп, Базар-Коргон районунун тоо койнунда жайгашкан Ооган-Талаа айылынан келген каттка жооп берип,өтүнүчүмдү кабыл алып тарыхта кала турган ыр жазып берди. Сатыбалды Далбаев мектеби үчүн чооң белек болду.

Албетте бул ыр көркөм окуу сынагында байгелүү орунду алат деп ишенемин.Кундузбү эжекеге ден соолук, узун өмүр, дайыма калеми колунан түшпөсүн деп тилеймин.

Даярдаган: Мелисбек уулу Тимурлан.